ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте IV Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык фестивалы өтүүдө

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратынын алдында 3-сентябрдан 7-сентябрга чейин IV Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык фестивалы өтөт.

Фестивалды Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулду.


Фестивалга 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.


4-сентябрда бардык каалоочулар «Кыргыз көчү» этнографиялык аймагынын ачылышына күбөл боло алышат. Саат 18:30 дан 20:00го чейин фестивалдын катышуучулары тарабынан концерт уюштурулат.


5-сентябрда саат 17:00дон 19:00го чейин филармониянын алдында бардык каалоочуларды «Маданий түрдүүлүктүн парады» театралдаштырылган программасы күтөт.