Аялдамада жайгашкан үч соода күркөсү алынды
- Подробности
- Опубликовано 18.08.2017 08:21
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте үч соода күркөсү алынды. Мыйзамсыз орнотулган объектилер Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада жайгашкан.
Соода күркөлөрү тиешелүү уруксат документтерисиз муниципалдык жерге орнотулган. Шаардык кызматтар тарабынан күркөлөрдүн ээлерине эскертүүлөр берилген. Эскертүүлөр аткарылып, үч соода күркөсү алынып салынды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
05.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |