ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жарандарды кабыл алуусу өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа башчысы Албек Ибраимовдун жеке кабыл алуусу өткөрүлдү.

Кабыл алууда муниципалдык турак берүү, электр түркүктөрүн орнотуу, жолдорго асфальт төшөө, жер тилкесин бөлүү жана операцияга материалдык жардам көрсөтүү талкууланды.


Шаар тургундарынын бардык кайрылуулары боюнча тиешелүү кызматтарга, муниципалдык администрациялардын башчыларына кайрылууларды ыкчам жана кыска мөөнөттө чечүү тапшырылды.


Мэрдин жеке кабыл алуусуна муниципалдык администрациялардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын башчылары катышты.


Маалымат үчүн: Бишкек шаарынын мэриясында шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын кабыл алуу үчүн «Бирдиктүү терезе» иштеп келет. «Бирдиктүү терезеден» шаар тургундары өздөрүнүн кайрылууларын жана каттарын калтырып, мэрдин жеке кабыл алуусуна жазыла алышат.


«Бирдиктүү терезе» иш күндөрү саат 8:30дан 17:30 га чейин иштейт. Дареги: Чүй проспектиси №166. Телефон: 61-07-05.