ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов калаанын социалдык объектилерин кыдырды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов курулуп жаткан социалдык объектилерге көчмө жыйын өткөрдү.

Көчмө жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэрлери Бакытбек Дюшембиев жана  Айгүл Рыскулова, Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүрканов, ошондой эле Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев катышты.

Калаа башчысы Албек Ибраимов алгач «Көлмө» жаӊы конушундагы Балдар билим берүү борборуна барды. Бул объектинин курулушу 1993-жылдан бери жүргүзүлүүдө жана 2015-жылы декабрь айында жаӊыланган. Азыркы учурда чатырын жабуу иштери бүткөрүлүп, бөлмөлөрдү бөлүп турган дубалдар көтөрүлдү. Дубалдарды шыбоо жана инженердик түйүндөрдү оӊдоо иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле канализация иштери бүткөрүлдү.

Андан кийин Албек Ибраимов «Калыс Ордо» жаӊы конушунда курулуп жаткан мектепке барды. Мектеп 660 окуучулук орунга ылайыкташтырылган. Мектептин курулушу Кытай грантынын каражатына башталып, «Альтогрупп» ЖЧК, «Главстрой» ЖЧК бөдрөтчү уюмдары тарабынан курулууда. Шаардык бюджеттин эсебинен мектепке тышкы инженердик коммуникацияларды, электржабдууларды  киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 10 кв электр өткөрүүчү линиялар тартылып, 2 трансформатордук көмөк чордон орнотулду (1 көмөк чордон ТП-630 кВт  мектепке, 1 көмөк чордон ТП-400 кВт   «Калыс-Ордо» жаӊы конушунун аймагына). Дренаж иштери жана мектептин аянтына кум-шагыл төгүү иштери жыйынтыкталды. Учурда мектептин ичин жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жаӊы мектепти  2017-жылдын жаӊы окуу жылына ишке киргизүү пландалууда.