Калаада капиталдык оӊдоодон кийин бир нече көчө ачылды
- Подробности
- Опубликовано 10.08.2017 17:24
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, капиталдык ондоодон кийин Жаманбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Шота Руставели көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Безымянный көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн №74 мектепке чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Жаманбаев көчөсүнүн оӊдолгон бөлүгүнүн узундугу 400 метр, туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле унаа токтотуу жайы уюштурулуп, туурасы 2 метрден эки тарабына теӊ тротуар орнотулду. Безымянный көчөсүнүн оӊдолгон бөлүгүнүн узундугу 480 метр, туурасы 7 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарабына теӊ тротуарлар орнотулду.
Мындан тышкары жол белгилерин түшүрүү жана орнотуу, ирригация орнотуу иштери жүргүзүлдү.
2017-жылы жалпысынан «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан 51 шаардын көчөсүн оӊдоо пландалууда.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.06.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |