ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада капиталдык оӊдоодон кийин бир нече көчө ачылды

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, капиталдык ондоодон кийин Жаманбаев көчөсүнүн  Манас проспектисинен Шота Руставели көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Безымянный көчөсүнүн  Ахунбаев көчөсүнөн №74 мектепке чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Жаманбаев көчөсүнүн оӊдолгон бөлүгүнүн узундугу 400 метр, туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле унаа токтотуу жайы уюштурулуп,  туурасы 2 метрден эки тарабына теӊ тротуар орнотулду. Безымянный көчөсүнүн оӊдолгон бөлүгүнүн узундугу 480 метр, туурасы 7 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарабына теӊ тротуарлар орнотулду.


Мындан тышкары жол белгилерин түшүрүү жана орнотуу, ирригация орнотуу иштери жүргүзүлдү.


2017-жылы жалпысынан «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан 51 шаардын көчөсүн оӊдоо пландалууда.