ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» ишканасы айкелдерди жууп тазалоодо

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын парктарында, сейил бактарында гүл бакчаларында жайгашкан 50гө жакын эстеликти жууп тазалады.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында бардык  архитектуралык айкелдерди дагы бир жолу жууп тазалоо пландалууда.


Бүгүнкү күндө Үркүн,  Дайыр Асанов атындагы, Ленинград блокадачыларынын монументтери, Юдахин, Ш.Баатыр, Калык Акиевдин айкелдери,  Манасчылардын, Бегельдиновдун бюсту жуулду. Жууп тазалоо иштерине бир суу чачуучу унаа, бир автомунара жана ишкананын алты кызматкери тартылды.


Мындан тышкары, ишкананын кызматкерлери эстеликтердеги ар кандай боектор, сырлар  менен жазылган жазууларды өчүрүүдө.


Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Биз сиздерди муниципалдык мүлккө жана эстеликтерге аяр мамиле кылууга чакырабыз!