ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов пландык жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа башчысы Албек Ибраимовдун жетекчилиги алдында кезектеги пландык жыйын өткөрүлүп, ага мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө «КЭР тарабынан берилген гранттык каражатка Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу, шаардын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу, алдын алуу, калааны жашылдандыруу, көрктөндүрүү маселелери талкууланды.


Мындан тышкары, пландык жыйында Жал кичирайонунда жайгашкан кытай мектебинин айланасын көрктөндүрүү талкууланды.


Жыйындын соӊунда калаа башчысы Албек Ибраимов Жер ресурстар башкармалыгынын, экотехинспекциянын жана башка тиешелүү кызматтардын жетекчилерине бардык аттракциондордун коопсуздугун текшерүүнү, «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасына көрктөндүрүү иштерин жакшыртуу жана тездетүүнү тапшырды.