Бишкекте мыйзамсыз дубал, чарба курулушу жана тандыр түрттүрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 13.07.2017 09:57
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Троицкая көчөсү 47 дарегиндеги узундугу 10 метр мыйзамсыз курулуган дубал, Кустанай көчөсү тарабындагы 1 х 7 метр өлчөмүндөгү чарба курулушу,12 чарчы метр тандыр түрттүрүлдү.
Аталган объектилер тиешелүү уруксат документтери жок муниципалдык жерге курулган.
Жер тилкелеринин ээлерине мурда шаардык кызматтар тарабынан эскертүү берилген. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан аталган курулуштар түрттүрүлүп, жер тилкелери баштапкы абалга келтирилди.
Аталган чаралар Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө жана алдын алуу боюнча ыкчам штабынын алкагында көрүлүүдө.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
29.11.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |