Курулуш компаниялар калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузууда
- Подробности
- Опубликовано 13.07.2017 09:43
Бишкек шаарынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө СЭИ инспекторлору тарабынан Тыналиев көчөсү 149 дареги боюнча «Имарат прогресс» ЖЧКсы көрктөндүрүү эрежелерин бузуу менен жер иштерин жүргүзүп жаткандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 -81 59.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
09.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |