Урматтуу шаар тургундары жана коноктор!

Сиздерди ыйык Орозо айтыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Ыйык Орозо айт жалпыбызга ынтымак, биримдик, жергебизге тынчтык алып келсин. Бул күнү баарыбыз дасторкон жайып, көзү өткөн жакындарыбызды эскерип, куран окутуп, кайрымдуулук иштерди кылабыз. Ар бириңиздердин кылып жаткан кайрымдуулук иштериңиздер жана отуз күн туткан орозоӊуздар кабыл болсун!

Ушул ыйык күндө баарыӊыздарга узун өмүр, чыӊ ден соолук, үй-бүлөӊүздөргө бакубат жашоо, ишиӊиздерге ийгиликтерди каалаймын.

Орозо  айтыңыздар маарек болсун!

Урматоо менен,

Бишкек шаарынын мэри                                                        А.Ибраимов