ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте кыргыз элдик чыгармачылыгы боюнча «Мурас» фестивалы өттү

«Сейтек» улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда калаанын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын балдарынын арасында кыргыз элдик чыгармачылыгынын шаардык фестивалы өткөрүлдү.

Иш-чара  Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, «Адеп-ахлак, ыйман жана маданият» жылына карата арналды.


Иш-чаранын  максаты: кыргыз элдик чыгармачылыгынын мурасын жайылтуу, маданияты менен балдарды тааныштыруу, өнүктүрүү жана режимдик учуруна балдардын өздүк ишмердүүлүгүнө киргизүү.


«Мурас» фестивалынын башкы милдети кыргыз элдик чыгармачылыгынын, салтын жана маданиятын терең жайылтуу, мектепке чейинки балдар кыргыз элдик чыгармачылыгына өз демилгеси аркылуу маданиятка калыптандыруу,  кыргыз улуттук каада-салттарды сактоо жана өнүктүрүү, кыргыз элинин оозеки чыгармаларынын мектепке чейинки уюмдарында педагогикалык иш-аракеттердин жүрүшүндө пайдалануу жана балдар майрамын өткөрүү, таланттуу балдарды алып чыгуу.


«Мурас» фестивалында 12 мектепке чейинки билим берүү уюмдары катышты.


Фестивалдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.