ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте энелер күнү белгиленди

Бишкек шаарынын бардык райондорунда Энелер күнү белгиленди. Энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.

Биринчи май райондук администрациясы Энелер күнүнө арналган иш-чара өткөрүп, иш-чарага райондун каттоосунда турган энелер чакырылды, анын ичинде:  «Эне-Даӊкы» медалы менен сыйланган 47 эне, 138 баатыр эне чакырылды. Чакырылган энелер үчүн материалдык жардам көрсөтүлүп, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа тартууланды.


«Космопарк» оюн-зоок борборунда Октябрь райондук администрациясы энелер үчүн майрамдык иш-чара өткөрдү. Иш-чара «Шайыр -Балалык» балдар чыгармачылык борборунун жана чыгармачылык жамааттардын концерттик программасынын коштоосунда өттү. Октябрь районунун аймагында 95 баатыр эне жашайт жана «Баатыр -Эне», «Эне -Даӊкы» сыйлыгын алган, үч эмдин, төрт эмдин жана көп балалуу энелерге материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Иш-чаранын соӊунда энелерге «Апамды издеп» тасмасы тартууланды.


Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков баатыр энелерди куттуктап, 160тан  ашык баатыр энени түшкү тамактанууга чакырды. Коноктор үчүн концерттик программа тартууланды. Район башчысы Самарбек Болотбеков энелерди Бишкек шаарынын мэринин жана өзүнүн атынан куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ачык асман каалады. Ошондой эле энелердин эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Майрамдык түшкү тамактануу менен биргеликте почта бөлүмү аркылуу 126 «Баатыр -Энеге» жана 35 «Эне -Даӊкы» медалы менен сыйланган энеге 1500 жана 1 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардамдар жеткирилет.


Ленин райондук администрациясынын Энелер күнүнө арналган иш-чарасына 178 көп балалуу эне чакырылды. Иш-чарага район башчысы Нурдин Тынаев, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко жана Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Сайдахмат Исмаилов катышты. Район башчысы Нурдин Тынаев энелерди майрамы менен куттуктап, чыӊ ден соолук жана бакубат жашоо каалады. Майрамдын урматына энелерге 1 миӊ сом өлчөмүндөгү материалдык жардамдар тапшырылды. Ленин райондук администрациясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттосунда 178 көп балалуу эне турат. Анын ичинен 136 эне «Бааты-Эне» ордени менен жана 52 эне «Эне-Даӊкы» медалы менен сыйланган.


«Баатыр-Эне» жана «Эне-Даӊкы» ордендери менен сыйланган энелер ар дайым Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын көзөмөлүндө турат.

 

Ленин району

Свердлов району

Октябрь району

Биринчи май району