Бишкекте кайрадан көрктөндүрүү эрежелери бузулууда
- Подробности
- Опубликовано 19.05.2017 10:19
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору шаардын санитардык абалын текшерип, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоо боюнча иштерди алып барат.
Кезектеги текшерүүдө Юнусалиев көчөсү, 173 дарегинде жайгашкан «Мега строй» ЖЧКсынын кызматкерлери курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге чогултуп жаткандыгы, санитардык нормаларды сактабагандыгы жана Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан башкы директору Ибраимов И.нин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.
Ошондой эле Ахунбаев көчөсү, 28 дарегинде жайгашкан «Пит стоп» жана Ахунбаев көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан «Аква» унаа жуучу жайларынын кызматкерлери жолдун жээгине таштанды калдыктарын төгүп, санитардык нормаларды бузуп жаткандыгы аныкталды.
Аталган жайлардын ижарачыларынын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
31.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |