Бишкекте «Балдардын жолдогу коопсуздугу» аталышта акция өтүүдө
- Подробности
- Опубликовано 16.05.2017 09:02
15-майдан 25-майга чейин Билим берүү башкармалыгы “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фонду менен биргеликте “Балдардын жолдогу коопсуздугу үчүн бирге” акциясын өткөрөт.
Акциянын алкагында Бишкектин бардык окуучулары үчүн мектептерге жакын жайгашкан жөө жүрүүчүлөр өтүүчү өтмөктөрдөн өткөрүү уюштурулат.
Иш-чаранын максаты – саны өсүп бара жаткан балдарды сүзүп кетүү фактыларына айдоочулардын көңүлүн бурдуруу, балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.
Азыркы учурда №70, 48, 41, 18, 75, 22 мектептерде окуучуларды коштоп өткөрүү ишке ашырылууда.
Ошондой эле, мектептерге жакын адамдар көп жерлерде Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору кезекте турат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |