Калааны көрктөндүрүү иштери улантылууда
- Подробности
- Опубликовано 15.05.2017 09:03
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инпсекторлору тарабынан Октябрь районунун санитардык абалы текшерилип, Медеров көчөсү 69 дарегинде жайгашкан “Kimchi” дүкөнүнүн айланасына курулуш таштандылары ташталгандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан “Kimchi” дүкөнүнүн ижарачысы Ли Е. В. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 -81 59.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
23.01.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |