ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жылуулук түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Осмонкул көчөсүнүн Огонбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жабылды.

Жабуу иштери 2017-2018-жылдарга карата жылуулук берүү мезгилине обьектилерди даярдоо иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Оӊдоо иштерин «Кыргыз Каганат» ЖЧК бөдрөтчү компаниясы өткөрөт жана үстүбүздөгү жылдын 4-июнуна чейин бүткөрүү пландалууда.


Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын суранат.