ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ шаар тургундары арасында таштандыларды башаламан таштоого жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору калаанын санитардык абалын текшерип, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык нормаларды бузгандары аныктоо иштерин жүргүзүп келет.

Кезектеги текшерүүдө Поваринская көчөсү  №8 үйүнүн жашоочулары тарабынан курулуш таштандылары белгиленбеген жерге ташталгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ кызматкерлери тарабынан аталган даректин ээлерине курулуш  таштандыларын, ошондой эле кургак тиричилик калдыктарын  белгиленбеген жерге таштоого жол бербөө эскертүүсү берилди. Эскертүүдөн кийин бузуулар четтетилди.


Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 81 59.