ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада жаӊы автобустар каттай баштайт

Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдында калаа башчысы Албек Ибраимовдун катышуусунда көп орундуу жаӊы автобустарды ишке киргизүү өткөрүлдү.

 2016-жылдын 16-декабрында шаардык муниципалитет жана «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы менен кызматташуу жөнүндө Меморандумуна кол коюлган жана меморандумга ылайык жаӊы 12 автобус ЖЧКнын өзүнүн эсебинен алынып келинди. Мындан сырткары, дагы 100гө жакын жаңы автобустарды алып келүү пландалууда.


Hengtong үлгүсүндөгү унаалар 80 орунга ылайыкталып, газ менен иштейт жана  майып жүргүнчүлөргө дагы атайын шарттар түзүлүп, видео көмөлдөр орнотулган.


Автобустар 13-майдан тарта Батыш автобекети — Темир жол бекети — Чыгыш автобекети каттамы аркылуу каттай баштайт.


Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий, Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болотбек Мамышев, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Канатбек Музуралиев жана компаниянын өкүлдөрү катышты.