ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Биринчи май районун кыдырды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Биринчи май районуна көчмө жыйын өткөрүп, райондун көрктөндүрүү иштери менен таанышты.

Калаа башчысы «Калыс-Ордо» жаӊы конушунда курулуп жаткан 660 орундуу мектептин курулушу менен таанышты. Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүркановдун айтуусу боюнча, мектепти куруу иштери убагы менен жүргүзүлүп, мөөнөтүндө бүткөрүлөт.


Андан кийин мэр «Ала-Арча» суусунун жээгин бекемдөө иштерин текшерди. ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Болотбек Аманбаев калаа башчысы Албек Ибраимовго суунун жээгин бекемдөө максатында дамба куруу пландалып жаткандыгын билдирди.


Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигине барды, ал жерде тез жардам кызматы үчүн имаратка кирип барчу жолдорду куруу маселеси каралды. Текшерүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына имаратка кирип барчу жолдорду куруу боюнча долбоорду иштеп чыгууну тапшырды. Текшерүүнүн соӊунда мэр Тоголок Молдо атындагы бакчанын көрктөндүрүү иши менен таанышып, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына тротуарларды оӊдоп бүткөндөн кийин бакчаны иретке келтирүүнү  тапшырды.


Текшерүүгө вице-мэрлер Эркинбек Исаков, Бакытбек Дюшембиев, Геннадий Милицкий жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын башчылары катышышты.