ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада Жеӊиш майрамынан кийин 26 куб метр таштанды чыгарылды

Жеӊиш майрамынан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Жеӊиш аянтынан 8 куб метр таштанды чыгарылды.

Мындан тышкары, борбордук «Ала-Тоо» аянтында жана  анын аймагындагы  элдик эс алуулар өткөрүлгөн жерлерден 18 куб метр кургак тиричилик калдыктары чыгарылды. Жалпысынан муниципалдык кызмат 26 куб метр таштанды чыгарды.


Майрамга карабастан шаардык кызматтардын кызматкерлери эки сменада иштешти. Тазалоо иштери саат 14:00до башталып, түнкү саат 02:00до жыйынтыкталды. Тазалоо иштерине жалпысынан 13 бирдик атайы техника жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 60 кызматкери тартылды.


Белгилей кетсек, өткөн жылга салыштырмалуу бул жылы Жеӊиш майрамынан кийин 14 куб метрге аз таштанды чыгарылды. Учурда «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери штаттык режимде иштөөдө.


Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясынын Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматынын иши жогорулатылды. Эми сиз “185” жана “1840” номерлери боюнча күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыз жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыз.


Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154. -