ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Жеӊиш сейил багында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү митинги өткөрүлдү

Октябрь районунун Д.Асанов атындагы Жеӊиш паркында Улуу Ата Мекендик Жеӊиштин 72 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан Жеӊиш майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, ачык асман жана бакубат турмуш каалады.


Эскерүүнүн катышуучулары согушта курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришип, Ленинград блокадачыларынын мемориалына гүл чамбар коюшту. Андан кийин Ленинград блокадачылары коому тарабынан шаар тургундары үчүн концерттик программа уюштурулду.


Согушта курман болгон баатырларды эскерүү үчүн Октябрь райондук администрациясынын башчысы Нурбек Курманбеков, Кыргызстандагы Россия Федерациясынын элчиси Андрей Крутько, Кыргызстан Ленинград блокадачылары коомунун төрагасы Марат Кутанов, мектеп окуучулары жана Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов атындагы Суворов окуу жайынын курсанттары катышты.


Жыл сайын Жеӊиш майрамына карата райондо жашаган бардык ардагерлерге материалдык жардамдар көрсөтүлөт. Октябрь районунун аймагында 3 Ленинград блокадачысы жашайт.