Борбордук «Ала-Тоо» аянтында Жеӊиш күнүнө арналган сүрөт көргөзмө ачылды
- Подробности
- Опубликовано 08.05.2017 12:28
Калаанын борбордук «Ала-Тоо» аянтында Улуу Жеӊиштин 72 жылдыгына арналган 9 май: «Көзгө жаш алдырган майрам» аталышта сүрөт көргөзмө ачылды.
Көргөзмөнүн ачылышына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, биринчи вице-мэр Эрнис Зарлыков, вице-мэрлер Айгүл Рыскулова, Бакытбек Дюшембиев жана райондордун акимдери катышты.
Көргөзмөдө белгилүү сүрөтчүлөрдүн согуш мезгилин жана Улуу Жеӊиштеги кубанычты чагылдырган 100 дөй сүрөт илинди.
Буга чейин борбордук «Ала-Тоо» аянтында Эл аралык аялдар күнүнө, Нооруз майрамына жана Бишкек шаарынын күнүнө арналган сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулган.
Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди сүрөт көргөзмөгө чакырат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
12.02.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |