ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Борбордук «Ала-Тоо» аянтында Жеӊиш күнүнө арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Калаанын борбордук «Ала-Тоо» аянтында  Улуу Жеӊиштин 72 жылдыгына арналган 9 май: «Көзгө жаш алдырган майрам»  аталышта сүрөт көргөзмө ачылды.

Көргөзмөнүн ачылышына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, биринчи вице-мэр Эрнис Зарлыков, вице-мэрлер Айгүл Рыскулова, Бакытбек Дюшембиев жана райондордун акимдери катышты.


Көргөзмөдө белгилүү сүрөтчүлөрдүн согуш мезгилин жана Улуу Жеӊиштеги кубанычты чагылдырган 100 дөй сүрөт илинди.


Буга чейин борбордук «Ала-Тоо» аянтында Эл аралык аялдар күнүнө, Нооруз майрамына жана Бишкек шаарынын күнүнө арналган сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулган.


Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди сүрөт көргөзмөгө чакырат.