ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов ЕРӨБ өкүлдөрү менен жолукту

Шаардык муниципалитетте калаа башчысы Албек Ибраимовдун Европалык реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын баалоо тобунун өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууга вице-мэрлер Геннадий Милицкий жана Эркинбек Исаков, ЕРӨБнын баалоо тобунун аналитиги Алехандра Пальма катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртууда Европалык реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын инвестициялык ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгү боюнча маселелер талкууланды.

Бүгүнкү күндө шаардык мэрия ЕРӨБнын  Бишкектин инфраструктуралык долбоорлорун өнүктүрүүдө жана колдоодогу салымын маанилүү деп эсептейт.

Аталган жолугушууда тараптар  Бишкек шаарында жашоо-шарты жакшыртуу, ыңгайлуулукту түзүү, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, ЕРӨБнын колдоосунда Бишкек шаарынын мэриясынын долбоорлорун ишке ашыруу талкуулады.

Маалымат: 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Европалык реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын  гранттык жана кредиттик каражатына 6 долбоор ишке ашырылууда:

1. “Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү”, Фаза I, 2011-2017жж.

2. “Бишкек шаарынын суу менен камсыздоону жакшыртуу”, I, 2011-2017жж.

3. “Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүүнү жакшыртуу боюнча долбоорду узартуу”, Фаза II, 2015-2017жж.

4. “Бишкек шаарында канализация жана суу менен камсыз кылууну реаблитациялоо”, Фаза II, 2014-2018жж.

5. “Бишкек шаарында кургак тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу”, 2014-2017жж.

6. “Коомдук транспорттордо электрондук билеттөө”, 2014-2018жж.

Ошондой эле шаардык мэрия ЕРӨБ менен Бишкек шаарынын тышкы жарыктандыруусун жакшыртуу долбоорун каржылоо боюнча болжолдуу келишим түзгөн.