ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районунда орус тилдуу мектептер арасында «Мыкты мамлекеттик тил кабинети» кароо сынагы болуп өттү

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу жана  ошондой эле райондун аймагында мамлекеттик тилди өнүктүтүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов районунда маанилүү иш чаралар өткөрүлдү. Свердлов райондук админстрациянын буйругунун негизинде райондогу орус тилдүү мектептер арасында «Мыкты мамлекеттик тил кабинети» кароо сынагы жарыяланган. Кароо сынактын жыйынтыгы №21 орто мектебинде өткөрүлгөн «Кыргыз тилин даңктайбыз» - аттуу иш-чарада жарыяланды.
Иш-чарага Свердлов райондук администрациясынын башчысы Ч. Алымкулов  жана Кыргыз Республикасынын президентине караштуу  мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгыгынын жана райондук билим берүү борборлорунан өкүлдөрү катышышты.    
Жалпы мектептер арасында гран приге №65 мектеп  – компьютер, статустук мектептер арасында   1-орунга №67 мектеп   – сан ариптүү фотоапарат, 2–орунга №38 мектеп    – телевизор, 3-орунга №66 мектеп   -Ч.Айтматовдун 5 томдуу китеби, жалпы орто мектептер арасында 1-орунга №52 мектеп  - сан ариптүү фотоаппарат, 2 - орунга №89 мектеп  -телевизор, 3-орунга №87,53 мектептер - Ч.Айтматовдун 5 томдуу китеби, ал эми бала бакчалар арасында гран приге №145 бала бакча   - компьютер, 1-орунга №162 бала бакча- сан ариптүү фотоаппарат , 2-орунга №172 бала бакча – телевизор, 3- орунга №30 бала бакча ээ болушуп, атайын бала бакчалар үчүн китептер жыйындысы жана башка кызыктыруучу белектер менен сыйланышты. 
Жалпысынан иш чараны өткөрүүгө райондук администрация тарабынан 100 миң сом бөлүнгөн.
 
 
Бишкек шаарынын мэриясынын Коомчулук менен байланыш башкармалыгы