Октябрь акимиаты төрт эмдин үй-бүлөсүнө барды
- Подробности
- Опубликовано 11.04.2017 17:30
Октябрь райондук администрациясынын башчысы Нурбек Курманбеков көп балалуу Зарнаевдердин үй-бүлөсүнө барды.
Зарнаевдердин үй-бүлөсүндө жети бала бар, 2015-жылы апрель айында төрт эм төрөлгөн.
2015-жылы төрт эм төрөлгөндө үй-бүлөгө 100 миң сом көлөмүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн. 2016-жылы Тунгуч кичи районунан жалпы аянты 70 чарчы метр 2 бөлмөлүү батир берилген.
2015-жылдын 1-июнунан баштап үй-бүлөгө жөлөк пул жана квартал сайын 8 330 сом көлөмүндө стипендия белгиленип, төлөнүп келе жатат.
Октябрь райондук администрациясынын башчысы төрт эмди сүт азыктары менен камсыздоо үчүн 66 миң сомго жылдык сертификат тапшырды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
09.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |