ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жер өтмөктөрүнүн сатуучулары менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа башчысы Албек Ибраимов жер өтмөктөрүнүн сатуучулары менен жолугушту.

Жолугушууда калаа башчысы Чүй-Манас жана Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер өтмөктөрүнүн сатуучуларынын сунуштарын угуп, пландалып жаткан жер өтмөктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу соода орундарынын санынын өзгөрүү маселесин талкууулашты. Ошондой эле, жолугушуунун катышуучуларына муниципалдык мүлктү ижарага берүү эрежелери түшүндүрүлдү.


Мэрия жогорудагы эки жер өтмөгүндө ошол эле соодагерлердин жана шаардыктардын ыңгайлуулугу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге шарттарды түзүү жана заманбап дааратканаларды орнотуу менен капиталдык оңдоо иштерин жүргүзөт. Муниципалитет жер өтмөктөрүндө иштегендердин жамааттык жана профсоюздук өкүлдөрү менен кызматташууга даяр.


Жолугушуунун жыйынтыгында “Бишкекбашкыархитектурага” жана Капиталдык курулуш башкармалыгына тараптар сунуштаган өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, долбоорго түзөтүүлөрдү киргизүүнү кароо тапшырылды.