ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте калктын социалдык аялуу катмары үчүн кеӊеш берүү борбору түзүлдү

Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери «Дордой» базарында жайгашкан кеӊеш берүү борборунда 45 аз камсыздалган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөттү.

Райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы калктын социалдык аялуу катмарына социалдык жардам көрсөтүү максатында кеӊеш берүү борборун түзүүнү демлгелеген. Аталган борбор Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Жумабек Салымбековдун колдоосунда Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан түзүлдү.


Базардын админстрациясынын имаратынан бөлмө бөлүнүп, ар бейшемби күндөрү саат 11:00дон 14:00го чейин социалдык кызматтар боюнча кеӊештер берилип турмакчы.


Борбор кеӊеш берүү менен биргеликте азык-түлүк жана кийим кече сыяктуу материалдык жардамдарды дагы көрсөтүп турат. Аталган кеӊеш берүү борбору 2017-жылдын 15-мартынан баштап штеп жатат.