ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте шаардын 2017-жылга карата бюджети боюнча жалпы шаардык угуулар өткөрүлдү

К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин актовый залында Бишкек шаарынын 2017-жылга карата бюджетинин долбоору жана 2018-2019-жылдарга карата божомолдор боюнча коомдук талкуу өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыковдун айтуусу боюнча, шаардын бюджетинин кирешелери 8865,2 млн.сом суммасында болжолдонот. Бул 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 368,9 млн.сомго ашык, же болбосо өсүү темпи 104,3% түзөт.


Жалпы шаардык угуулар «суроо-жооп» форматында өткөрүлүп, шаар тургундары тарабынан жарыктандыруу, канализацияга кошулуу, кварталдар аралык жана короолордун ички жолдорун оӊдоо жана башка суроолор берилди.


Угуунун жүрүшүндө биринчи вице-мэр Эрнис Зарлыков 2017-жылга карата бюджет социалдык тармакка багытталгандыгын, 2017 –жылы саламаттыкты сактоого - 273,6 млн. сом, эс алуу, дин жана маданиятка - 296,5 млн. сом, социалдык коргоого -  312 млн. сом жана билим берүүгө - 3 млрд. 412,2 млн. сом бөлүү пландалып жаткандыгын белгиледи.


Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Канатбек Музуралиев, райондук администрациялардын башчылары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана шаар тургундары катышышты.