Шаардык муниципалитетте жер үстүндөгү өтмөктөрдү куруу долбоору иштелип жатат
- Подробности
- Опубликовано 04.04.2017 08:54
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы соода борборлоруна жакын, шаардын кыймылдуу көчө кесилиштеринде лифт жабдууларын орнотуу менен жер үстүндөгү өтмөктөрүн куруу долбоорун иштеп жатат.
Долбоорлор кыймыл көп көчөлөр боюнча иштелүүдө:
- Шабдан Баатыр – Мамбетов көчөлөрү («Мадина» СБ);
- Жибек Жолу жана М. Жалил көчөлөрүнүн ортосундагы Курманжан Датка («Аламедин» СБ);
- Чүй проспектиси менен Шопоков кесилиши («БУМ» СБ);
- Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөсүнүн кесилиши («Ош базары» СБ);
2017-жылга карата иш пландарына ылайык, Шабдан Баатыр – Мамбетов көчөлөрүнүн («Мадина» СБ) кесилишинде, Жибек Жолу жана М. Жалил көчөлөрүнүн ортосундагы Курманжан Датка («Аламедин» СБ) көчөсүндө эки өтмөктү куруу пландалууда.
Сынактык арыздарды ачуу үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде өткөрүлөт. Өтмөктөрдү куруу иштерин 2017-жылдын 31-августуна аяктоо пландалып жатат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.06.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |