ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жаӊы конуштардын тургундарын газ киргизүүгө чакырат

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын «Бишкекгаз» филиалынын маалыматы боюнча, 2016-жылы Бишкек шаарынын он жаӊы конушундагы  жеке турак үйлөргө газ киргизүү үчүн газ түтүктөрүн куруу-монтаждоо иштери жүргүзүлдү.

Газдаштыруу иштери «Салам-Алик», «Жеӊиш», «Кайынды», «Керамическая», «Щербаков», «Буурдинская», «Керемет», «Касым», «Балбан-Таймаш», «Мыкан» жаӊы конуштарында жүргүзүлдү. 2017-2018-жылдары дагы жети жаӊы конушту: «Көк-Жар», «Кара-Жыгач», «Көлмө», «Ала-Тоо», «Арча-Бешик», «Ак-Өргө» жана «Ак-Ордо» конуштарын газдаштыруу пландалууда.


Үйлөрдүн сыртынан газ түтүгүн тартып өтүү үчүн 100 пайыз макулдук керек, бул үчүн жарандардын үйүнүн ичине газ киргизүү ишинин баасын арзандатуу боюнча акция жүрүп жатат. Бирок жарандарда активдүүлүк жок. Аталган жаӊы конуштардагы 2438 үйдүн ичинен 143 үйгө гана газ киргизилген.


Урматтуу жаӊы конуштардын тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы турак  үйлөргө газ киргизүү үчүн жигердүү катышууга чакырат.