Бишкекте эркин күрөш боюнча мэрдин кубогуна мелдеш жыйынтыкталды
- Подробности
- Опубликовано 03.04.2017 09:49
Бишкек шаарынын мэринин Кубогуна карата эркин күрөш боюнча мелдештин жыйынтыктары чыгарылды.
Мелдеш 1-2-апрелде «Арча-Бешик» жаӊы конушундагы дене тарбия-ден соолукту чыӊдоо комплексинде өткөрүлдү.
Спорттук мелдеш спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, эркин күрөштү жайылтуу жана балдарды спортко үндөө, ошондой эле шаар тургундарын дене тарбия менен машыгууга чакыруу максатында өткөрүлдү.
Аталган иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы менен биргеликте уюштурду.
Мелдешке 2000-2003-жылы туулган Бишкек шаарынын, өлкөнүн бардык дубандарынын жана чет өлкөлөрдүн 249 спортчусу катышып, 36 кг, 39кг, 42кг, 46кг, 50кг, 54кг, 58кг, 63кг, 69кг, 76кг, 85кг, 100 кг чейинки салмактык категорияда өттү.
Спорттук мелдештин жеӊүүчүлөрү кубок, диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мындан тышкары байгелүү орундарга ээ болгондорго спорттук формаларды алууга сертификаттар тапшырылды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
29.11.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |