ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кытай корпорациясынын өкүлдөрү менен калаанын жолдорун жана көпүрөлөрүн курууну талкуулады

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа башчысы Албек Ибраимов Кыргыз Республикасындагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча кытай корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда КЭР Өкмөтү тарабынан берилген грантка «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу талкууланды. Калаа башчысы Бишкектин жолдорун куруу негизги милдет экендигин белгиледи.


Жумушчу жыйынга вице-мэр Бакытбек Дюшембиев, райондук администрациялардын акимдери, ошондой эле тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышты.


Маалымат үчүн: Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек шаарынын көчө – жол тармагын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу буйругуна ылайык, КЭР Өкмөтү тарабынан берилген гранттык каражатка узундугу 95 км калаанын 49 көчөсү оӊдолот. Ага Бишкек шаарынын жаӊы конуштары дагы киргизилген.


Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы - Эшенбаев Нурлан Саматович (31-80-06),


Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы- Өмүрканов Сталбек Калыкович (35-30-11).


Бишкек шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы - Чолпонбаев Болот Чолпонбаевич (61-36-92).