ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгы белгиленди

7-кичирайондогу С.Орозбаков атындагы №13 шаардык китепканада Октябрь районунун башчысы Нурбек Курманбековдун катышуусунда элдик манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына  арналган «Алп манасчы ааламы» темасында конференция өттү.

Иш-чаранын максаты – “Манас” эпосун жайылтуу жана окурмандарды С.Орозбаковдун чыгармачылыгы менен тааныштыруу болуп саналат.


Иш-чарага кыргыз эл жазуучулары К.Жусупов, А.Жакшылыков, И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы манас таануу институтунун директору Т.Тургуналиев, андан тышкары КРнн Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери О.Соронов катышты.


Маалымат: Сагымбай Орозбаков (1867 – 1930) Ысык-Көл облусунун түндүк жээгиндеги Кабырга деген жеринде музыкант-сурнайчынын үй-бүлөсүндө туулган. Ал ошол учурдагы белгилүү манасчылар Чоңбаш, Тыныбек Жапиев, Балык (Бекмурат) Кумаров жана Найманбай Балыковдордун манас айтканын угуп жүрүп, “Манас” эпосу менен 5 жашынан эле алектене баштаган. 4 жылда окумуштуулар С.Орозбаковдун оозунан эпостун биринчи бөлүгүнүн 180 миң сап ыр жазып алышкан. Анын эинчи жана үчүнчү бөлүмдөрү манасчынын катуу ооруп калгандыгына байланыштуу жазылып алынбай калган. Бирок, ал айтып калууга жетишкен бөлүгү эле анын вариантынын көркөмдүгүн, поэтикалык стилинин кооздугун, сөз байлыгынын кенендигин далилдеп турат.