Калаада жалбырактуу дарактарды отургузуу иштери башталды
- Подробности
- Опубликовано 29.03.2017 13:34
«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ленин районунда 300 түп ясень көчөтүн отургузуу жүргүзүлүүдө.
Жер бөлүштүрүү институтунун сейил багына 100 көчөт, ошондой эле 4-шаардык ооруканасынын гүл бакчасына 200 көчөт отургузулууда.
Үстүбүздөгү жылы «Жашылдандыруу курулуш» ишканасы 4 миӊден ашык клен, эмен, кайыӊ, ясень, каштан, чыгыш платаны жана липа көчөттөрүн отургузууну пландап жатат.
Бишкек шаарынын Октябрь районуна – 1505, Биринчи май районуна – 338, Ленин районуна – 1990, Свердлов районуна 845 жалбырактуу дарак отургузулат.
«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын башчысы - Элгондиев Токтобек Абдыкеримович (37-53-30).
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |