ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жаӊы санитардык полигон болот

Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Албек Ибраимовдун катышуусунда «Жаӊы санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу» келишимине кол коюлду.  Иш-чара «Бишкек шаарындагы кургак тиричилик калдыктарын башкарууну жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Эл аралык инженер-консультанттар федерациясынын  шарттарына ылайык, жаӊы полигонду куруу жана долбоорлоо жөнүндө келишимине Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасы жана Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS (Эстония) компаниясы тарабынан кол коюлду. Келишимдин суммасы 7 538 345 еврону түзөт.


Жаӊы санитардык полигонду куруу жана долбоорлоо «Бишкек шаарындагы кургак тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорунун негизги бөлүгү болуп саналат жана Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын кредиттик жана Европа биримдигинин гранттык каражаты менен каржыланат.


Аталган долбоордун биринчи фазасы 2015-жылы башталган жана анын алкагында таштанды үчүн жаӊы контейнерлер, жаӊы таштанды чыгаруу унаалары сатылып алынып, таштанды аянтчалары курулду. Тазалоо иштерин «Тазалык» муниципалдык ишканасы жүргүзүп келет.