ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

28-мартта калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 28-мартта саат 9:00дон 17:00го чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда таза суу берилбейт.

«Киркомстром» суу алгычын оӊдоп-түзөө иштерине байланыштуу Дэн Сяопин, Абакан, Мурманская, Садыгалиев, Волкова жана Кустанай көчөлөрүндө, анын ичинде: «Бишкекжылуулукэнерго» КИнин буу казанында, «БСМ», «Нургаз» ЖЧКларында Бекбоев медициналык борборунда, «ЧП Васипов»,   кичи наабайканасында, «Бактылуу өлкө»  бала бакчасында, Балдарды коргоо борборунда, №37 балдар комбинатында, №42 орто мектебинде, жана №97632 аскер бөлүгүндө таза суу берилбейт.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме, уюмдарды  таза суу камдап алууларын суранат.