ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шахматчы Анатолий Карпов менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясында мэр Албек Ибраимовдун шахмат боюнча дүйнөнүн 12-чемпиону Анатолий Карпов менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Анатолий Карпов 25-мартта КРнын Шахмат федерациясынын чакыруусу менен,   ардактуу конок катары президенттин кубогу үчүн ат салышкан балдар турниринин жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн жана өлкөдө шахматты жайылтуу жана өнүктүрүү, өсүп келе жаткан муунга бул жаатта түрткү берүү максатында келди.


Жолугушууга Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Алмазбек Кененбаев, КРнын  Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов жана федерациянын өкүлдөрү катышышты.