ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана түрттүрүү» боюнча пресс-конференция өткөрүлдү

Sputnik Кыргызстан пресс-борборунда «Мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана түрттүрүү» боюнча пресс-конференция өткөрүлдү.

Пресс-конференцияга «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын башчысынын милдетин аткаруучу Асхат Түлөбердиев, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын директору Талант Иманакун уулу, Жер ресурстары башкармалыгынын башчысынын орун басары Бакыт Анарбеков, КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Мелис Адиев катышты.


Конференциянын катышуучулары Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды алуу жана жоюу боюнча түзүлгөн  ыкчам штабдын мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана түрттүрүү боюнча аткарган иштери тууралуу маалымат беришти.


Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын директору Талант Иманакун уулу 2017-жылдын башынан бери 910 мыйзамсыз орнотулган объектилер алынгандыгын  билдирди. Анын ичинен: 117 жеӊилдетилген типтеги объектилер, 14 капиталдык курулуш, 779 жарнама конструкциялары.


2017-жылдын январь айынын башында мэриянын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Ыкчам штабдын иш-чаралар планынын алкагында Токтогул көчөсүнүн Манас проспектиси менен кесилишиндеги мыйзамсыз курулуган беш кабаттуу имарат буздурулган.  Штабдын курамы мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, КР Жогорку сотунун алдындагы соттук департаменти, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик  экологиялык-техникалык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен тыгыз иш алып барат.