СЭИ Октябрь районунун санитардык абалын текшерди
- Подробности
- Опубликовано 25.03.2017 09:57
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Октябрь районунун санитардык абалын текшерип, санитардык нормаларды жана көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ахунбаев көчөсү Куйручук көчөсү менен кесилишкен жеринде Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу менен көмүр саткан эки түйүн аныкталды. Сатуу иштери муниципалдык жерге жүргүзүлүп жаткан.
Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 81 59.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |