ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектиктер кайрадан санитардык нормаларды бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Биринчи май районунун санитардык абалын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жибек-Жолу №595 дарегинде жайгашкан ашкананын айланасы антисанитардык абалга жеткендиги, ошондой эле таштанды чыгарууга келишим түзүлбөгөндүгү, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан ижарачы Ходжибобоева Г.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 -81 59.