Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев март революциясына арналган гүл бакчага барды
- Подробности
- Опубликовано 24.03.2017 13:46
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана элдик революциясынын катышуучулары 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революцияны эскерүүгө арналган гүл бакчага бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушту.
Гүл бакча Шабдан Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен курулган. Аталган максатка президенттик фонддон 7 млн. сом, шаардык мэрия тарабынан кошумча 1,3 млн. сом. бөлүнгөн.
Калаа башчысы Албек Ибраимов гүл бакчаны куруу жана көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди. Даярдоо иштери 2016-жылдын 10-июнунда башталып, 2016-жылдын август айында толугу менен бүткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата ачылган.
Иш-чаранын соӊунда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана иш-чаранын катышуучулары көчөттөрдү отургузушту.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |