23-мартта калаанын айрым жерлеринде таза суу токтотулат
- Подробности
- Опубликовано 22.03.2017 09:15
«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 23-мартта саат 9:00дон 19:00го чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат.
«Батыш-2» суу алгычын оӊдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу темир жол сызыгында, Фучик, Фрунзе көчөлөрүндө, Манас проспектисинде, анын ичинде: №31, 13, 8, 2 орто мектептеринде, №9 окуу тарбиялык комплексинде, №№ 8, 22, 72, 164, 165, 167 бала бакчаларында, К.Акиев көчөсүндөгү №73 бала бакчасында, №3 «Балдарды коргоо борбору» бала бакчасында, «Ош базары», «Берекет-Гранд» ЖЧКларында, «Берекет-Универсал», «Берекет» соода борборлорунда, «Берекет» ЖАКда, Илимдер академиясында, Улуттук банкта, №2 төрөт үйүндө, Бишкек троллейбус башкармалыгында, №1 шаардык клиникалык ооруканасында, Некрасов көчөсүндөгү «Бишкекборкомбинатында», Ленин райондук администрациясында, УПП-2 ОСиГ, Финансы-экономикалык академиясында, «Кыял» биримдигинде, Кыргызстан Эл аралык университетинде, Батыш РЭСте, Жаш Гвардия бульвары 59 дарегиндеги КТРКда, КОСУ Медициналык факультетинде, Ленин райондук сотунда, №100 лицейинде, Бөкөнбаев көчөсү №182 дарегинде, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында, №2 стоматологиясында таза суу берилбейт.
«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме, уюмдарды таза суу камдап алууларын суранат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |