ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Нооруз майрамы белгиленди

Бишкек шаарынын бардык райондорунда Нооруз майрамына арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Свердлов райондук администрациясынын Нооруз майрамына арналган иш-чарасы район башчысы Самарбек Болотбековдун катышуусунда  Жеӊиш аянтында өткөрүлдү. Район башчысы Самарбек Болотбеков шаар тургундарын жана конокторун Нооруз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалады. Чакырылгандар үчүн эстрада жылдыздарынын жана чыгармачылык жамааттардын катышуусунда концерттик программа тартууланды.


Ошондой эле окуучулар үчүн спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Муниципалдык администрациянын кызматкерлери Жеӊиш аянтына эки боз үй орнотуп,  бардык конокторду Нооруздун символу болгон сүмөлөк менен сыйлашты.


Майрамдык иш-чаралар Свердлов районунун жаӊы конуштарында дагы өткөрүлдү. «Дордой-2» жаӊы конушунда майрамдык концерт  уюштурулуп, волейбол жана улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү. «Учкун» конушунда футбол  боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага чоӊдор жана балдар катышты. Жеӊүүчүлөр ардак грамота жана кубоктор менен сыйланышты. «Чыгыш-5» кичи районунда балдар үчүн спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, Нооруз майрамы кызыктуу өткөрүлүүдө.


Д.Асанов атындагы Жеӊиш паркында Октябрь райондук администрациясы тарабынан шаар тургундары үчүн улуттук тамак-аштардын жана гүлдөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, артисттердин театралдаштырылган көрсөтүүсү көрсөтүлдү. Иш-чарага Октябрь райондук администрациясынын башчысы Нурбек Курманбеков, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана райондун тургундары катышты. Район башчысы иш-чаранын катышуучуларына жана конокторуна ден соолук, ийгиликтерди жана өнүгүүлөрдү каалады. Шаар тургундары үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа жана театралдаштырылган көрсөтүү  тартууланды. Мындан тышкары боз үй тигилип, алты-бакан (селкинчек) орнотулду жана бардык каалоочулар үчүн сүмөлөк таратылды.


Биринчи май районунун «Щербаков», «Көлмө», «Ак-Босого», «Калыс-Ордо», «Мурас-Ордо», «Жеңиш», «Алтын-Бешик», «Касым» жана «Тынчтык» жаңы конуштарында  маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.


Ленин районунда Фучик атындагы сейил багында майрамдык концерттик программа жана байгелерди тапшыруу менен улуттук спорттук оюндар көрсөтүлдү. Жаштар аллеясында концерт, конкурстар, спорттук оюндар уюштурулду. Ошол эле учурда «Ала-Тоо», «Арча-Бешик» жаңы конуштарында, “Манас” кинотеатрынын алдында жана “Манас айылында” шаар тургундары үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.  “Люкс” сейил багында шаар тургундары үчүн концерттик программа жана спорттук мелдештер уюштурулду.