ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары!

Сиздерди жадыраган жазда келген Нооруз майрамыңыздар менен  Бишкек шаарынын мэриясынын жана  жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Жаратылыштын жаңырышы, күн менен түн теңелген, жаңы жылдын алгачкы күнү катары бааланган улуу Нооруз жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч кубатка толтура берсин!


 Бул майрам жан дүйнөнүн жана  ыймандыкты тазартуу майрамы. Анткени, ар бир адам бул күнү өзүнө жакшы ниет, жакшы ырысты тилейт.


 Нооруз бул – жаңы Күндүн башталышы, ал жаңы Күн дайыма жашоого болгон асыл тилектер менен, келечекке болгон жаркын үмүттөр менен башталган.


Баба дыйкан аштык айдап, үрөөн сээп, жер менен сырдашкан. Түн бою апаларыбыз даярдап чыккан сүмөлөк адамдарга күч – кубат берет.


Ушул касиеттүү майрамда мен баарыңыздарга адам байлыгы - ден – соолукту, үй – байлыгы – наристенин күлкүсүн, жашоо байлыгы - бакытты, ыйман байлыгы - тазалыкты, жер байлыгы – мээнетти, эл байлыгы – тынчтыкты каалайм!


Улуу күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер болсун, элибизге ынтымак, бакыт-таалай алып келсин!


Нооруз майрамыбыз кут болсун!