ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте И.Раззаковдун жаркын элесине арналган көргөзмө өткөрүлөт

Бишкек шаарынын Маданият башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 17-мартта саат 11:00до Чуйков көчөсү №90 дарегинде жайгашкан Исхак Раззаков атындагы үй-музейинде “1945-1960-жылдарда Раззаковдун Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы” көргөзмөсү өткөрүлөт.

Көргөзмөгө шаар тургундары, коомдук ишмердин жээни, студенттер, окуучулар жана санаалаштарды чакырылды. Көргөзмөдө Раззаковдун жеке архивиндеги документтери, жеке буюмдары, архивдик сүрөттөрү көрсөтүлөт.


Толук маалыматты 30-00-23 телефону аркылуу билсеңиздер болот.


Маалымат: Коомдук жана саясий белгилүү ишмер Исхак Раззаков Баткен областына караштуу Лейлек районунун Коросон айылында жашаган Берк уулу Раззак жана Сайып кызы Жамийланын үй-бүлөсүндө 1910-жылдын күз айларында жарык дүйнөгө келген. Сүйүнүчтөрү койнуна батпаган жубайлар уулуна Исхак деген ысым ыйгарышып, жашоонун белгисиз тагдырын моюндарына илишип эл катар жупуну турмуштарын өткөрүшкөн. 1961-жылы эле ал үй-бүлөсү менен Москвага көчүрүлгөн. Исхак Раззаков 1965-жылга чейин СССРдин экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, 1965-67-жылдары СССРдин мампланынын бөлүм башсысы болуп иштеп, ден-соолугуна байланыштуу 57 жаш курагында персоналдык маанидеги пенсияга чыккан1979-жылы кыргыз элинин улуу уулу Исхак Раззаков дүйнөдөн кайткан.