ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте окуучулардын белгилүү спортчулар менен жолугушуулары өткөрүлүүдө

Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында Свердлов райондук администрациясы окуучулар менен Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучулары жана белгилүү спортчулары менен жолугушууларын уюштурду.

№66 жана53 орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларынын  күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чеберлери ага-инилер Руслан жана  Роман Царевдер жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучулары Шукрат Ушуров жана  Хаким Махмудов менен жолугушуулары өткөрүлдү. Жолугушууда машыктыруучулар окуучуларды спорт менен машыгууга чакырып, окуучулардын кызыктуу суроолоруна жооп берип, кантип жеңиштерге жетишкендиктери тууралуу айтып  беришти. Шукрат Ушуров окуучулар арасында мушташуулар туура эместиги тууралуу билдирди.


Аталаган багыттагы жолугушуулар райондун аймагында дагы улантыла бермекчи.