Жаш мугалимдер шаар тургундары үчүн концерт уюштурушту
- Подробности
- Опубликовано 16.03.2017 15:15
Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынынн билдирүүсү боюнча, №3 музыкалык мектепте жаш мугалимдер тарабынан концерт өткөрүлдү.
Концертке музыкалык мектептерде иштеген жаш мугалимдер катышты. Көрүүчүлөргө кыргыз эл чыгармалары, эстрада жанрындагы жана классикалык музыкалар тартууланды. Концертке шаар тургундары, окуучулар жана ата-энелер, музыкалык мектептердин директорлору жана мугалимдери катышты.
Аталган концерт КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин "2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгынын алкагында жана шаар тургундарын музыканы сүйүүгө чакыруу максатында өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы - Букеев Мисиралы Каракойчиевич (59-47-35).
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |