Стоматологиялык клиникалар калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузууда
- Подробности
- Опубликовано 16.03.2017 09:41
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору күн сайын калаанын санитардык абалын текшерип, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоо иштерин жүргүзүшөт.
Кезектеги текшерүүнүн жүрүшүндө Москва көчөсү №186 дарегинде жайгашкан «MegaDent» стоматологиясынын айланасына медициналык калдыктар, таштандылар ташталгандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «MegaDent» стоматологиясынын ээси Кутателадзе П. атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча проткол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |